13-октябрда Бишкекте "Кыргызстан сулуусу - 2022" сынагы өткөрүлдү. Жыйынтыгында, 21 жаштагы Диами Алмазбекова жеңүүчү болду.
Жеңүүчүнүн таажысын "Кыргызстан сулуусу-2021" сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Ботоярова такты.
Сынакка 24 кыз катышкан. Алардын ичинен Диами Алмазбекова Гран-Прини алса, биринчи вице-мисс Алтынай Бейшенбекова болду. Экинчи вице-мисс сыйлыгы 18 жаштагы Айпери Кеңешбековага ыйгарылды. Үчүнчү вице мисс - 14 жаштагы Медина Амирова.