3-октябрда “Элдик көзөмөл” коомдук уюмунун төрагасы О.А. райондук сот төрайымынан пара талап кылганы үчүн кармалды деген кабар дүңк эткен. Ошондон бери УКМК ишти тергеп жатат. 

Орозбек Алымжанов транспорт министрлигинде жетекчи кызматтарда иштеп, эс алууга чыккан. Жашы эңкейиштегенине карабай Кыргызстандын келечеги үчүн күйүп, коомдук иштерге активдүү катышат. Жапаров айыпсыз соттолуп абакта жатканда адилетсиздикке каармандык менен каршы туруп, Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын жана  фондунун башчысы болгон.

Жапаровду колдогон “мекенчилдер” менен бирге коомдогу  адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка каршы күрөштү улантып, “Элдик көзөмөл” коомдук уюмун түзүшкөн. “Мекенчил” Турсунай Каримованын Ленин райондук сотунун төрайымы Кымбат Архарова 3600 доллар акчасын бербей жүргөнүн билдирген кайрылуусунан улам Алымжанов ага барып, “Жашы жетимишке келген, майып кызы бар байкуш Каримованын калган акчасын берип койбойсузбу”,- деп суранып орточу түшкүсү келген. Мындай аракети менен Алымжанов биринчиден, акчасын ала албай кыйналып жашаган Турсунай айымга көмөктөшкүсү келсе, экинчиден, адилетсиздикке каршы күрөшүп, чындык жеңип, өлкөдө мыйзамдуулук орношуна, өзү башынан катуу колдоп келген Жапаров бийлигинин бекемделишине салым кошкусу келген. Ушул жерден көптөр “бекер бармак беле, Каримованын акчасын өндүрүп, кызмат акысын алгысы келген” деп ойлоору турган иш. Алымжановду билген айланасындагылар ал кишинин андай өз кызыкчылыгы эмес, өлкө, мамлекет кызыкчылыгы үчүн карч урунган чынчыл, патриот инсан экенин жакшы билишет.

Архарова менен УКМКчылар Алымжановду соттун төрайымына анын мындай “визитинин” мыйзамга туура келбестиги үчүн айыпташууда. Ооба, Орокебиздин бул иши мыйзамга сыйбас. Бирок Архарованын кызмат абалынан пайдаланып күчкө салып, карапайым аялдын акчасын бербей жүргөнү Алымжановду мыйзамдан мурда адилеттикке, чындыкка сыйбастыгы көбүрөөк кейиткен. Эмне Акаевдик, Бакиевдик, Жээнбековдук бийликтерди эл мыйзам менен кулатышты беле?! Эл, чындык – мыйзамдан күчтүү, анткени, мыйзамды эл жазат. Ороке ушул жагдайды көңүлгө түйгөн.

Алымжановду УКМК айыптоо билдирүүсүндө “зордуктоого айыпталган” деп терс образды төңкөгөн. Республикалык авто жолдор башкармалыгын жетектеп турганында душмандары тарабынан уюштурулган жалаа боюнча илгери ошондой айып ачылып, бирок ал тергөөдө аныкталбай, кылмыш иши жабылган экен. Кылмышы аныкталса сотко ашырылып, соттолмок. Андай факты жок. Демек, Алымжанов андай каралоодон ак.

Каримова 2007-жылы “Хонда Одиссей” автомашинасын 6600 долларга баалап Архарованын күйөөсүнө сатат. Акчасын кийин эсептешүүнү макулдашышат. Машинаны алып, айдап, аларман сатуучуга убадаланган акчаны бербей созот. Арадан жылдар өтөт. Арадан 5-6 жыл өткөндө Каримова ыйлап андагы президент Атамбаевге, ал учурдагы Жогорку сот төрайымы Жамашовага чыгып, Архаровадан 3000 доллар алып, анын кыстоосу менен айласыздан “акчамды алдым, кайыр доом жок” деп тилкат жазат. Ооба, мыйзам боюнча бүттү, эми калган акчаны доолоого анын акысы жок. Архарова дал ушул жагдайга таянып, Алымжановдун үстүнөн арыз менен кайрылып, УКМК кызматкерлери Алымжановду пара талаптоо үчүн айыптайт.

Бишкек шаарынын бакандай райондук сотунун төрайымынан Каримова жок акчаны доолоого, Алымжанов ага болушууга даашмак эмес. Алар чындык, адилеттик жолун тутунушкан. Мыйзам боюнча утулуп турушат. Бирок, чындык мыйзамдан жогору турат жана акыры жеңет. Архарова автомашина үчүн 2012-жылы Каримовага 3000 доллар берди, демек, андан автомашина сатып алганын моюндады. Ал автомашина 3000 эмес, ошол учурдагы реалдуу баа боюнча 6600 доллар тураарлыгы оңой эле далилденет. Демек, Архарованыкы эмес, Каримова менен Алымжановдуку туура болот.

Тергөө жүрүп атат. Алымжановду жакшы билишкен санаалаштары, “мекенчилдер” жабыла колдошуп, Архарованын баскан жолун иликтешип, мыйзамсыздык фактыларын чогултуп атышат. Коомго жок жерден жаман атты болгонуна күйүп, Ороке кан басымы көтөрүлүп, көз кан тамыры жарылып, ооруканага түштү. Чындык жеңээрине, Алымжановдун ак экенине ал кишини терең билгендер бекем ишенишет. Анткени, төбөдө Кудай, өлкөдө адилет бийлик турат!
                                                                         

    Өмүрзак ТӨЛӨБЕКОВ