Жарандык активист Тимур Саралаев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Кыргызстан-Өзбекстан келишими тууралуу пикирин билдирди. Айтымында, суу сактагычтын суусун Кыргызстан эч убакта колдонгон эмес.
- Пикир алмашууда, сын айтууда жалгандын дагы чеги болуш керек. Бул суу сактагыч убагында Өзбекстандын эгин талаалары үчүн курулуп, плотина алардын аймагында жайгашкан.
Курулган күндөн тартып Өзбекстан пайдаланып келет. Көп учурлар болгон, аны өзгөндүктөр дагы жакшы билет. Жаанчыл жылдары суунун көлөмү көтөрүлүп, кыргыздардын айдоо жерлерин басып кетчү экен. Эч ким Өзбекстанга доомат кыла алган эмес, тек гана айдоо жеринен айрылып отуруп калышчу.
Суу сактагыч курулган жылдар аралыгында Кыргызстан суу сактагычтан пайдаланышкан эмес. Бул факт! Жергиликтүү жашоочулар жээгине бара алчу эмес. Балык кармайм деп кирип алгандарды өзбектер кармап кетчү экен.
Долбоор боюнча азыр кандай болгону жатат?
Суунун көлөмүн эки мамлекет бирге көзөмөл кылат. Мурдагыдай айдоо жерлерди суу басып кетпейт. Эгер суу көлөмү көтөрүлүп бара жатса, бир нукта кармалат.
Каалоочулар балык кармап, кайыктар менен үстүндө сүзүп жүрө алат. Мурда жээгине басып баралчу эмес экен.
Сууну айыл-чарба багытына колдоно алган эмеспиз, бул дагы кашкайган чындык. Өзгөндүн эли дагы муну жок дебейт. Азыркы келишим боюнча, айдоо жерлерге каалаган жерден суу түтүктөрүн тартып пайдалансак болот.
Дагы кандай келишим болуш керек, мындан артык? “Кемпир-Абадды сатып жиберди”-деп айтып жаткандар ушул суроолорго жооп беришсе жакшы болмок?
Чек араны мындай бизге ынгайлуу кылып чечүү, сындап жаткандардын колунан келеби? Азыр сындагандардын көбү кызматта, бийликте болушкан. Эмнеге ошол кезде чече алышкан эмес!?
Ошондуктан, ар кайсы саясий кызыкчылыктарды көздөгөн топтун тилине кирбей, так маалыматка карагыла деп айткым келет.
Плотина Өзбекстандын аймагында жайгашкан, келишим ратификация болсо алардын аймагына биздин чек арачылар кирип, плотинаны чогуу карашат.
Мындай келишим албетте Кыргызстан үчүн ынгайлуу жана пайдалуу. Жөн эле кыйкыра бербей, жыйынтыкка көңүл буруп, оройлонбой мамлекеттик туруктуулукту ойлонсок!