- Акбөкөн мырза, Кемпир-Абад боюнча эл арасында  оң да,  терс да  пикирлер айтылып жатат. Бийлик катачылык кетирдиби же абалды жөнгө салуунун, чек араны тынчтык жол менен чечүүнүн жолун таптыбы?

- Чек араны чечиш керек! Жоопкерчиликти бирөө мойнуна  алыш керек! Ташиев алды! Азырынча эки президент кол койгон жок келишимге.

- Социалдык түйүндөрдө депутаттар Кемпир -Абадды өзбектерге өтүшүн колдоп, элге каршы иштеди деп наалат айтып жатышат го?

- Буга чейин болгон кошуналар менен мамилебизди болгонунча буздук! Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан менен. Эми тажиктер менен согуш болуп кетти. Эми жок дегенде  өзбектер менен жакшы мамиле түзөлүк! Алар биз жакты көздөй бир кадам кылса, биз да жарым кадам болсо да кылалы! Азырынча кагаздар берилген жок бизге.  Келишимди кол койгондон кийин, анан биз ратификация кылабыз. Кечээки чечим, бул келишимдин проектисин алып келди деп түшүндүм мен.