Быйыл Россиядагы мобилизацияга байланыштуу Кыргызстанга келген россиялыктардын саны салыштырмалуу 30 пайызга көп.  Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков билдирди.

Ал белгилегендей, 2022-жылдын 9 айында Кыргызстанга 192 миң россиялык келген.

"2021-жылдын 9 айында 160 миң жаран келген. Ал эми өткөн жылдын 9 айында Россия жарандары тарабынан Кыргызстандын жарандыгын алууга 385 тапшырык берилип, 226и алса, быйылкы жылдын 9 айында 1631 жаран жарандык алууга тапшырык берип, анын ичинен 603ү алды”, - деди директор.