Тили буудай кууругандардын айткандары менен аткаргандары дал келсе кана. Анда бул жагынан алдына ат салдырбаган А.Мадумаровдун кыргызга кылган иштери ат көтөргүс болмок. Бирок андай эмес тура. Тилин курал катары пайдаланып, кооз, элге жагымдуу сүйлөп, саясий упай топтоо менен алек болбосо, кыргызга кылган жакшы иштеринен кыянат иштери жетишерлик.

ЖК төрагасы катары Каркыраны берип ийгенин, №309 протоколго кол койгонун кантип унутабыз? Эми бүгүн болсо чек араларды чечүү маселелеринде акыл үйрөтүп, сынга алып, аппак карга болуп аткан кербези. Тажикстан менен чек араларды тактоо иштеринде бүгүнкүдөй кырдаалдын жаралышына дал ушул Мадумаров күнөөлүү экенин акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз керек. Бирок «ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» демекчи, Мадумаров өзүнө чаң тийгизбей, кооз тили менен күнөөнү башкаларга оодарып келатат. 

Мадумаровдун чыныгы жүзү боюнча узак сөз кылса болот. Анын арам ойлору, кутум максаттарын карапайым эл билбесе да, саясаттан түшүнүгү барларга маалым. Анын максаты – иши кылып эле бийликти сындап, элге мокочо көрсөтүп, элдин ишенимине, саясий дивидендге ээ болуу. Башка максаты жок. Жада калса пандемия учурунда бийликке каршы элди тукуруп, эл ичине бүлүк салуунун, саясий абалды чыңалтуунун аракетин көргөнү эсибизде. 
Бүгүн да чек ара маселесин курал катары пайдаланып, бир жактуу баа берип, саясий упай топтоо менен алек. УКМК төрагасы К.Ташиев эгерде маселени жакшы чечалса, кызматын А.Мадумаровго берүүгө даяр экенин айтты эле, Мадумаров укмаксанга салып кутулду. Анткени, колунан эч нерсе келбейт, тили менен гана кыйратат. Ушул кезге чейин мамлекетке чыккынчылык, кыянатчылык кылып келатканы эле болбосо, эл, өлкө үчүн жакшы иш кылган эмес. Аны өлкөнүн, элдин тынчтыгы, мамлекеттин бүтүндүгү кымындай да кызыктырбайт, саясий упай топтоп, өзүн пиар кылуу үчүн баарына даяр экенине биротоло ынанып атабыз.