Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында бүгүн, 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоого байланышкан маселе каралып жатат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгында, Кыргызстанга бир катар жерлер өткөнүн билдирди. Алар: Гавайсай - 12 949 гектар, Көк-Серек - 105 гектар, Баястан - 212 гектар, Унгар-Тоо - 35 гектар, Ак-Таш - 100 гектар, Кара-Белес - 25 гектар.
Ошондой эле, Шарихан каналынын башталышындагы 19,5 гектар жер Өзбекстанга тийиштүү болсо, калган 19,5 гектар Кыргызстандыкы.
"Жыйынтыгында, Кыргызстанга 19 699 гектар жер өттү. Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу аймагы - 4485 гектар калат. Бирок кыргызстандыктар сууну каалагандай пайдалана алышат. 8 адамдан турган биргелешкен мекеме уюшулат дагы, ага Кыргызстан менен Өзбекстандын бирдей сандагы өкүлдөрү кирет", - деди Камчыбек Ташиев.