Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев чек ара маселесин чечүү үчүн кайсы бир жерден кандайдыр бир жол берүүгө барууга туура келет деп эсептейт. 

- Болгону 4 мамлекет менен чек арабыз бар: Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан...

Анын экөөсү менен чек араны ызы- чуу түшсөк да эбак эле чечип алганбыз. Үзөңгү -Кууш- Каркыра "кетип калды" деп чурулдап жүрө берсек, бүгүнкү күнгө чейин, анда Кытай, Казакстан менен кандай болот эле мамилебиз, бир Кудай билет аны...

Эмки кезек Өзбекстан менен чек араны чечип алганга тарых өзү алып келди көрүнөт. Талаш жерлерди бөлүшсөк да, эки тарап тең кандайдыр бир "уступкаларга" барсак да, келечектеги 2 эгемен мамлекеттин мамилесин ойлосок да, иши кылса быйыл Кыргыз- Өзбек чек арасын биротоло чечип алып, бир "өхх" деп кенен дем алып алсак, сонун болоор эле....

Эң акырында анан Тажикстан менен сүйлөшөт элек. Ал жер татаалыраак болот, себеби кан төгүлүп, эки элдин ортосунда чоң ишенбөөчүлүк пайда болуп калды, тилекке каршы... Бирок, "башка бир да коңшу менен чек ара маселеси жок" деп билекти түрүп, белди бекем бууп, бир беткей болгондо гана алдыга жылабыз! Эки-үч багытта чырылдашып жүргөндө, бардык жерден уттурабыз! Чамабыз деле чектелген, моюнга алыш керек.