Журналист Адилет Айтикеев Кемпир-Абадды ызы-чуу маселеге айлантууну каалагандар - ал аркылуу саясий карьерасын өркүндөтүп алууга умтулгандар деп эсептейт. Ал коомчулукту өлкөнүн бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн аракет кылууга чакырды. 

- Биз кайра эле чек ара маселесинен саясат жасаган адамдарды ээрчип жатабыз. Бардык маселеден популизм жасаса болот. Бирок чек ара жана согуш менен тынчтык маселесине келгенде, саясат жасоо - бул чыккынчылыкка барабар иш. Үзөңгү-Кууш деген картаны көтөрүп, карьера жасаган бир саясатчынын жоругун кайталайлы деп жатышат. Аныңардан кайткыла! 

Кыргызстан-Өзбекстандын чек ара тилкеси боюнча жалпы маалымат белгилүү болуп калды. Мындан улам, менде жада калса коркунуч дагы пайда болду, эмнеге Өзбекстан бизге ушундай шарттарды берип жатат? Өзбекстан Каримовдун убагындагы дооматтарынан баш тартып, бизге ыңгайлуу шарттарга макул болуптур. Бул абдан жакшы көрүнүш. Эгер ушул келишимди кармап калбасак, кийин мындай шарт болобу же жокпу, белгисиз. Чек ара бир районго эле тийиштүү эмес. Ал жалпы өлкөгө таандык маселе. Ошондуктан, чек ара маселесин чечүүдө тараптар бир аймактан жол берсе, экинчи аймактан өзүнө пайда алышы керек. Мекендештер, биринчи кезекте мекенди ойлогула! Бул маселе ушул кезинде чечилип калганы жакшы. Аскар Акаевди Үзөңгү-Куушту сатты дегендер азыр өздөрү айтып жатышат: Кыргызстан менен Кытай мамилесиндеги артыкчылыктуу маселе - эки жактын чек арасы такталып калганы деп. Садыр Жапаров дагы Кытайга барганда ушул маселени айтты. Ошондуктан, бардык нерсе убакыт өткөндөн кийин билинет. Кемпир-Абаддан чыгып, Кыргызстандын масштабынан карагыла!