Россия Украинага согуштук аракеттерин баштагандан бери анын кесепетин  Россиянын жарандары эле эмес, өнөктөш өлкөлөрдүн жашоочулары да тартууда.  Аны Кыргызстандын эли да өз жон терилери менен сезүүдө. Согуштун пайдасын көргөндөр менен бирге зыянын көргөндөр да болот. Согуш карапайым элди эле эмес, миллионер, миллиардерлерди да аябайт.

Россия-Украинанын кагылышуусу башталгандан тартып  Россиянын олигархтарынын байлыктары азайып, жакырланып аткандыгын Bloomberg Billionaires Index уюму  маалымдады.  Ушул күнгө карата орус олигархтарынын жалпы жоготуусу 93 млрд. доллардан ашты. Эң көп жоготууга «Ренова» ишканасынын негизги ээси Виктор Вексельберг туш болду. Анын жоготуусу 11,2 млрд. долларга жетип, байлыгы 7,24 млрд. долларга азайган.

Олигарх, «Норникелдин» кожоюну Владимир Потаниндин байлыгы 2,17 млрд. долларга азайса, «Новатэк» империясынын тең кожоюну, дагы бир олигарх Леонид Михельсондуку - 7,12 млрд. долларга, олигарх Алексей Мордашовдуку – 9,12 млрд.,  НЛМКнын кожоюндарынын бири Владимир Лисиндики – 9,12 млрд., ал эми  белгилүү олигарх Алишер Усмановдуку – 3,16 млрд. долларга азайган.