Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен элин колдоо үчүн атайын эсепке 311 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул каражаттар Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан түштү.
Жалпысынан 3681 транзакция жасалып, 311 миллион 927 миң 920 сомду түздү. Атайын эсептеги акча азырынча таратыла элек. Каражат президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жумшалат.
Акчаны атайын эсептерге жана Кызыл Жарым Ай коомуна да которууга болот.