Ижарага алынган турак -жайдан чыгарылып жаткан жарандар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматынан кеңеш ала алышат. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка караганда, анда юристтер ижарага алуу боюнча квалификациялуу кеңеш беришет.
Кеңеш үчүн Жибек Жолу проспектиси 381 (3-кабат) дарегиндеги мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборуна кайрылыш керек. Же болбосо 0555 80 82 70 номуру аркылуу байланышуу зарыл.