Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары төрага шайлашты. Эске салсак, Талант Мамытов өз арызы менен спикерликтен кеткен. 

Нурлан Шакиевдин төрагалыкка талапкерлигин үч фракция жана "Элдик" депутаттык тобу сунуштады. 

Добуш берүү жабык түрдө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Нурлан Шакиевге 80 депутат макул, 6 депутат каршы добуш берген. Ошону менен ал Жогорку Кеңештин спикер болду.