Тажик социалдык байланыш тармактарында отурган блогерлери кайрадан активдешип баштады. Алар, Кыргызстанды күнөөлөп, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге карата жалган жалаа, каралоолорду уюштуруп жатышат.
Тажиктерге таандык “Xajoi_alo_official” деген ютуб каналында “Киргизи опять нарушают договоры, тяжелые техники на Границе” деген видео таратылууда.
Мындан тышкары, тажик блогерлери “Кыргыздар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге каршы болушу керек”-деген чакырыктарды дагы жазып жатышат.
Буларга удаа эле, Кыргызстанда Адахан Мадумаровдун командасы бийликке каршы чакырыктарды таштап, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди кетирүү керек деген пикирлерди көбөйтүү менен алек.
Кечээ, Президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөнгө барып, эл менен жолугушуп, чек-ара маселеси, Кемпир-Абаддын чоо-жайы тууралуу айтып беришти. Жолугушуу кызуу маанайда өттү. Келгендер маалымат алып, келишим Кыргыз тарапка пайдалуу экенине ынанып кайтышты. Мадумаровдун колдоочулары гана залда сөз укпай кыйкырып, кол чаап, ышкырып тартип бузушту. Жолугушууга кирип, катышып чыгып алып, “бизди киргизбей койду, жалаң эле дежурный адамдар чогулду” деп жалган маалымат таратышты.
Жыйынга келген Адахан Мадумаров маалыматтарды укту. Бирок сөз берилгенде “келишим пайдалуу болуптур же бул чечим туура эмес экен”,-деген позициясын айткан жок. Тек гана элди козутуп, “мен эч нерсе айта албайм, муну жергиликтүү кеңештин депутаттары чечет”,-деп кууланып, адатынча мааниси жок сөздөрдү божурап, акыл үйрөтүп, аягы жок чагымчыл кептерин былжырады.
Эгерде, Мадумаровдун көкүрөгүндө кымындай мамлекетчил сезим болсо, “туугандар, чечим тууралуу оюм бул. Эми ички саясатта көз караштарыбыз бөлөк, мен деле Жапаровду колдойбойм. Бирок жалпы мамлекеттин чек-арасын чечип жатканда көз караштарыбызга карабай ынтымак болуп, маселени чогуу чечип алышыбыз керек”-демек да?
Тилекке каршы тартипсиз тарапташтарын кыйкыртып, “Садыр Жапаровду сыртка чык дегиле, сырта алып чыгабыз” деп шыбырап жатканы түз эфирдеги видеолордо жүрөт.
Анын кишилери, “Садыр Жапаровду сыртка алып чыкса, жумуртка менен уруп уят кылабыз”,-деп пландаган даярдыгы дагы билинип калды.
Мындан кийин, Адахан Мадумаровдун текебер, мамлекетке күйбөгөн, эгоист адам экенине дагы бир жолу ынанса болот.
Учурда Кыргызстандын тынчтыгына эки тарап каршы болуп жатат. Бирөө тажиктер, экинчиси Мадумаров жана ал сыяктуу жеке керт башын ойлогон чагымчылдар.
(Фейсбуктан алынды)