Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов бүгүн, 5-октябрда өз каалоосу менен отставкага кетти. Анын ордуна жаңы спикерди депутаттар бүгүнтөн калтырбай шайлоону чечишти. 

Жарандык активист Самсаалы Четинбаев спикерликке Нурлан Шакиев татыктуу деп эсептейт. 

"Нурлан Шакиев спикерлик кызматка татыктуу. Ал төрага болуп шайланып калса, өз ишин камчы салдырбай алып кете алаарына ишенем", - деди. 

Нурлан Шакиев №17 Аксы бир мандаттуу округунан депутаттыкка шайланган. Учурда "Ата-Журтум Кыргызстан" фракциясынын лидери.