Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Талант Мамытов спикерликтен кетээрин жарыялады. 

Анын айтымында, спикер болуп турганда бир топ олуттуу иштерди аткарууга жетишти. 

"Референдум өткөрдүк, жаңы Конституция кабыл алынды. Бул албетте, бир гана менин эмгегим эмес, жалпы парламенттин эмгеги. Спикерликтен кетүү боюнча чечимди өзүм кабыл алдым. Баткенге баратканда эле арыз жазгам бирок, бир катар депутаттар каршы болуп коюшкан", - деген Мамытов бүгүнтөн баштап спикердин орду бош экенин белгиледи.