Жашырганда не, бизде бири биринин функцияларын  кайталаган, ишинин натыйжасы көрүнбөгөн мамлекеттик органдар жок эмес. Баа саясаттын жүргүзүп, анын туруктуулугуна көз салчу Антимонополдук кызматы бар. Бирок тилекке каршы,  аталган кызматтын ишинин жыйынтыгын элибиз эч эле көрө албай койду. Баалардын жогорулоосун алдын алуу, туруктуулугун камсыз кылуу жаатында кылган иши көрүнбөйт. Тескерисинче, тигил же бул товарларга болгон бааалар көтөрүлөт деп алдын ала эскертип, маалымдап туруучу органга айланып баратат.

Жогорку Кеңештин жыйынында аталган кызматты оптималдаштыруу маселеси көтөрүлдү. Анда Антимонополдук кызматтын көзөмөлдөөчу функциясы жок экени, бааларга мониторинг жүргүзүүнү   Улуттук статком ишке ашырып келатканы  айтылып, органды оптималдаштыруу туура болору белгиленди. Баа саясатында эч кандай иш кылбаган органды кармап, өлкө бюджетинрен ондогон кызматкерлерге маяна төлөөнүн кандай зарылчылыгы бар? Буга чейин да аталган кызматты жоюп салуу боюнча сунуштар айтылып, бирок ал ишке ашпай келет. Чындап келгенде Антимонополдук кызмат аткарып келген милдетти Экономика министрлигинин бир бөлүмү деле аткара алары талашсыз.