Эмомали Рахмондун Путиндин колунан сыйлык алышына Кыргызстандын президенти кандай реакция кылышы керек? Ушул суроонун тегерегинде депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына пикирин калтырды.
"Албетте, эшикти катуу жапса болот. Бирок анда бизде олуттуу маселелер башталат. Бизде Россиядан чоң көлөмдөгү товарлар келет, көптөгөн жарандарыбыз ошол жакта иштейт. Такыр реакция кылбай коюу - бул биз баарын унуттук, бизге бул нерсе жакты жана мындан ары да бизди ушинтип мазактай беришсе болот дегеник. Президентте өтө жөнөкөй эмес абал жаралды, анткени, ал бизде сырткы саясат менен алектенет. Кеңеш бериш оңой. Бирок персоналдык жоопкерчилик президентте", - деди Бекешев.
Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго "Мекен алдындагы эмгеги үчүн" III даражадагы орден менен сыйлады.