Кыргызстанда кээде аталыштарга байланыштуу ар кандай популисттик сунуш, демилгелер көтөрүлүп калат. Манастын аталышын тигил же бул жерлерге ыйгаруу боюнча кандай гана сунуштар болгон жок. Өткөн жумада ЖК жыйынында Баткен облусунун аталышын өзгөртүп, Манас деп атоо сунушу көтөрүлдү. Сыягы, айрымдар Манас деп атап койсок эле Баткенде тынчтык өкүм сүрүп, өсүп-өнүгүү орун алып, көйгөйлөр өзүнөн өзү чечилип калат деп ишенишет окшобойбу.

Демилгечилердин жакшы ой, ниеттери болсо керек. Бирок мында реалдуулукка караганда популизм басымдуулук кылып жатканы талашсыз. Болбосо, Баткен облусу Манас деп аталып калгандан эмне өзгөрөт? Албетте, эч нерсе өзгөрбөйт. Ансыз да улуу эпосту популизмдин, куру намыстын обьектисине айлантып, кадырына шек келтирип аткан чакта тынч эмес аймакты Манас атап алгандан эч нерсе утпайбыз. Ошондуктан эл өкүлдөрү ушуга окшогон популизм менен алектенбей, реалдуу, конкреттүү сунуштарды берүү менен иш алып барышса…