Учурда Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызмат башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол койгон протокол боюнча талкуу кызуу жүрүүдө. Айрымдар бул протоколду кыргыз тарап жумшактык кылганынын белгиси карап, келечекте Лейлектин анклавка айланып кетиши мүмкүндүгүн айтышууда.  Саясат талдоочу Марс Сариев чек ара заставаларын убактылуу алуу жана видеокамераларды коюу чыңалууну токтотууга шарт түзөт деп эсептейт. 

Айтымында, КР УКМК бардык ишти жасады, эми чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзчүлөр аракетин башташы керек. 

"Мен протоколго кол коюуну туура чечим деп эсептейм. Азыр учурдагы бийликти күнөөлөй берүү туура эмес. Баары Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда, Тажикстанда жарандык согущ болуп, так ушул Бишкекте тараптардын жарашуусу боюнча протоколго кол коюлганда башталган. Ошол учурда чек ара маселесин чечип алуу керек болчу. Мурдагы башчылардын катачылыгы өтө чоң кесепеттерге адам өлүмүнө, дайымкы чыр -чатактарга алып келүүдө. Мен УКМК чыңалууну токтотуу үчүн болгон күч - аракетин жумшады деп ойлойм. Аны менен катар президент Садыр Жапаровдун БУУнун трибунасынеда Тажикстандын агрессиясын ачык айтканы да себеп болду. Маанилүү жагдайлардын бири - бир Гаага эл аралык сотуна арыз берип жатабыз. Андан тышкары, талкаланган айылдарга журналисттерди жана дипломаттарды алып бардык, башкача айтканда маалымат согушунан жеңилген жокпуз. Мунун баары Тажикстан эл аралык айдыңда аны агрессор катары кабыл алып калуусунан чоочулашына жеткирди.  Рахмон диктатор өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келатат жана дүйнөлүк масштабда кадыр-баркын жоготкусу келбейт. Мен тажик тарап азыр сүйлөшүүлөргө барат, анткени, башка аргасы жок, болбосо дүйнөлүк коомчулуктун ишениминен чыгып калат деп ойлойм. Экинчи жагынан аны Талибан кысып жатат. Ошондуктан, Рахмондун сүйлөшүүгө баруудан башка аргасы жок. Кийинки этап - чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча түйшүктүү процесс болот деп ойлойм", - деди Марс Сариев.