Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы үч пост жана бир заставанын алынып салынышы боюнча түшүндүрмө берди. 

Белгилей кетсек, коомчулукта айрымдар заставалардын алынып салынышын кыргыз жерин коңшу өлкөгө өткөрүлүп бергендей кабыл алышкан. 

"Биз тажик тарап менен үч пост жана бир заставаны алып салууну чечтик. Биз кол койгон протокол жерди кимдир бирөөгө берүү, чек ара тилкелерин аныктоо боюнча эмес. Ал протокол ар кандай жаңжалдарды токтотуу, келечекте болтурбоо максатында кабыл алынды. Чек ара тилкесин аныктоо боюнча чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо мекемелер аралык комиссия акыркы чечимин айтат. А биз кол койгон протоколдо жакынкы аралыкта анын ишин жандантуу чечимин кабыл алдык" - деди Камчыбек Ташиев. 

Ал айрымдар маселени түшүнбөй же түшүнгүсү келбей эле туура эмес маалыматтарды таратып, "жерди сатты, берип салышты" деп дүрбөлөң салуунун аракетинде болуп жатышканын белгиледи. 

Камчыбек Ташиев эч кимге жерди беришпегенин, андай болушу мүмкүн да эместигин билдирди. Ошону менен катар протоколдун көчүрмөсү журналисттерге берилээрин, аны окуп чыгышып, такталган маалыматтарды таратуу керектигин айтты.