- Коомчулукта тажиктер менен чектеш жайгашкан 4 заставанын алынып салынышын колдогондор да сындагандар да чыгып жатат.  Камчыбек Ташиев чыр-чатакты алдын алуу үчүн протоколго кол коюп туура кылдыбы?

- Бардыгынан эң кымбаты - тынчтык! Бардык маселелер согуш, кан төгүү эмес, сүйлөшүү жолу менен чечилүүсү керек. Адамга ынтымак, достук, тынчтыктан, адам өмүрүнөн башка эмне кымбат? Ошон үчүн сүйлөшүү жолу менен чечилгени жакшы болду. Эми калган маселелер да акырындан сүйлөшүү, эл аралык мыйзамдардын негизинде чечилиши керек.

Эл аралык практикада чек ара маселеси эч убакта бир мамлекеттин кызыкчылыгына чечилбейт. Ар дайым 50% / 50% менен бирдей чечилет.