Мурда маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан жана Тажикстан “Тамдык” (КР) жана “Бедак” (ТР) чек ара заставаларынын аймактарында,  “Булак-Башы” (КР) жана “Кех” (ТР) постторунда, “Катта-Туз” (КР) жана “Каракчыкум” (ТР) постторунда, Чайхана аймагындагы “Ак-Сай” (КР) жана Хожай-Ало аймагындагы “Шаршара” (ТР) постторунда чек ара кошуундарынын эч кандай түрүн чыгарууга жана мындан ары жайгаштырбоого макулдашышты. Бул бөлүмдөрдөгү имараттар жана курулмалар алынат. 

Бул протокол Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экенин КР УКМК билдирет. Учурда аталган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтарууну тараптардын көчмө чек ара отряддары ишке ашырып, алар чек араны бойлото, тараптар белгилеген жана макулдашылган чекте кызмат өтөшөт.

Кол коюлган протоколго ылайык, тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жарандары бул чек ара мыйзамдуу түрдө катталганга чейин кандайдыр бир башка иштерди жүзөгө ашырууну токтотот.

УКМК коомчулукту тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын негизсиз, ашкере сындоого, чек арадагы чыңалууну сактоого кызыкдар болгон Кыргыз Республикасындагы жана Тажик Республикасындагы күчтөрдүн деструктивдүү чакырыктарына алдырбоого, аларды мамлекеттин жана анын жарандарынын таламдарына каршы пайдаланууга жол бербөөгө чакырат. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын комиссиясынын тиешелүү иштери уланууда. Буга байланыштуу коомчулукту жана калкты кырдаалды курчутууга кызыкдар болгон деструктивдүү күчтөрдүн манипуляциялоосунун куралы болбостон, жарандык позициясын көрсөтүүгө жана чек арадагы талаштуу маселелерди өз ара пайдалуу жана тынчтык жолу менен тез арада чечүүгө өлкө бийлигине жардам берүүгө чакырат.