КР ИИМ  алдамчылар Баткенде чек ара чырынан жабыркагандарга жардам берүү шылтоосу менен социалдык тармактарда ар кандай банктык эсептерди ачып жатканын эскертет. Ошону менен катар акча каражаттарын которууга мүмкүн болгон атайын банк эсептери расмий билдирүүлөрдө гана көрсөтүлөрүн белгилейт.

"Биз жарандардын көңүлүн өздөрүн ыктыярчы, активист катары көрсөтүп, каражат чогултуу боюнча билдирүүлөрдү таратып жаткан алдамчылардын кылтагына илинип калбоого бурабыз. Ошол эле учурда алар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүп, анын үстүнө посттордун бирине Баткен облусундагы соңку окуяда жаракат алган жоокердин сүрөтүн тиркеп коюшкан", - деп билдирет КР ИИМ.