23-сентябрь Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү. Бул күнгө карата эне тилдин абалы көпчүлүктүн талкуусуна айланат. Акыркы жылдарда мамлекеттик тилге көңүл бурула баштады. Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев бир нече ирет эне тилдин абройун көтөрүү боюнча демилге көтөрүп чыккан. 

"Мамлекеттик тил эмнеге өнүкпөйт? Анткени, биздин мамилебиз начар. Аткаминерлер жарымы орусча, жарымы кыргызча сүйлөйт. Тилибизге күйбөйсүңөр!" - деген депутат. 

Ошондой эле, ал мамлекеттик кызматтарда документтер биринчи орусча жазылып, андан кийин гана кыргызчага которулаарын белгилеген.