КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүндө (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргызстандын Ж.М.П. аттуу жараны аныкталган. Ал  Ош шаарынын аэропортунан “Новосибирск-Ош” авиакаттамы менен учуп келип өлкө аймагына кирип жатканда кармалды. 

Ж.М.П.  диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген.

Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган.

Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.