Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Тажикстандын баскынчылыгы боюнча Эл аралык сотко кайрылуу зарыл деп эсептейт.
"Тажик мамлекетинин баскынчылык аракетинен улам Баткенде көп кан төгүлдү, жоготуу оор... көптөгөн үйлөр жана башка объектилер талкаланып, өрттөлүп кетти... Бирок тиги тарап күнөөнү моюнга алмак турсун кайра бизди айыптап, бардыгын кыргыз тарапка шылтап жатат... Бул согуштук кылмышты терең иликтөө, тыкат тергөө, ар бир фактыны так тизмектеп жазуу, далилдерди жыйноо иштери жүргүзүлүүсу өтө зарыл, күнөөкөрлөр жоопко тартылуусу керек. Эки тарап канча комиссия түзсө дагы акыйкат чечимге келе алышпайт, бири-бирин айыптап отура бермей болуп, акыры эч жыйынтык чыкпай кала берет. Ошондуктан, бул ишти иликтөөнү сырткы күчтөрдөн сурануу зарыл. Үчүнчү абройлуу күч келип териштирбесе жыйынтык болбойт. Менин пикиримде Түрк союзунан Түркия мамлекети, ОДКБдан Россия мамлекети жана Бириккен Улуттар Уюмунун же ОБСЕнин өкүлдөрү кирген үчилтик Эл аралык иликтөө комиссиясын түзүүнү өтүнүү зарыл. Мына ошол Эл аралык иликтөө комиссиясынын даярдаган материалдары, чыгарган корутундусу менен биз Эл аралык сотко кайрылып, тажик тарапты жоопко тарттыра алуубуз мүмкүн го дейм", - дейт Каптагаев.