УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге оңой болуп аткан жок. Чек ара кызматынын да төрагасы катары жоопкерчилиги чоң. Чек ара тилкелеринде кандай маселе чыкпасын, ден-соолугуна, башкасына карабай ошол жерге барып, эл менен болуп, чыр-чатактарды чечүүнүн үстүндө жүрөт. Өзүнүн милдетин жогорку жоопкерчилик менен аткарып атканын танууга болбойт.

К.Ташиевди кандай сындабайлы, кырдаалга жараша өзүнүн чечкиндүүлүгүн, компетенттүүлүгүн көрсөтүп келатат. Ошол эле мезгилде «адам өлүмдөрү болуп кетпесин, сүйлөшүү, тынчтык жолу менен кырдаалды тынчтандыралы» деп аракет кылып келет. Бул ирет да Тажикстан тараптын жооптуу адамдары менен кайра кайра жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатты. Мунун баары адам өлүмдөрүн болтурбоо, кырдаалды андан бетер курчутпоо максатында жасалып жатканы айтпаса да түшүнүктүү. Эгерде К. Ташиев тарабынан дипломатиялык жол менен чечүү иш-чаралары көрүлбөгөндө адам өлүмдөрү мындан да көп болуп, балким, масштабдуу согуш оту тутанып кетмек.  Ал адам өлүмдөрү үчүн өзүнүн жоопкерчилигин сезип, курман болгон жоокерлердин, чек арачылардын ата-энелеринен кечирим сурады, аларды аман алып калбаганына өкүнүчүн билдирди.

Ал дайыма ар бир адам өмүрү үчүн күрөшөрүн айтып келерин билебиз. Анысын иш жүзүндө көрсөтүп, Тажикстандын аймагына кирип, туткунга алынган 4 кыргыз жаранын аман эсен алып чыкты. Өзүнүн өмүрүн тобокелге салып, мекендештерибизди  Кыргызстандын аймагына алып өткөнү үчүн ага рахмат айтып  кетели.

Тилекке каршы, бул оор күндөрү душман сырттан кол салып, басып кирсе, ал үчүн мамлекет башындагыларды айыптап, ичтен күнөөлүүлөрдү издегендер да болду. Иштеген адамда кемчилик болгондой эле К.Ташиевдин иши да бир кылка эместир. Бирок ал күндөп түндөп Баткенде болуп, өзүнүн майтарылбас, сынбас духун, кайратын, айбатын көрсөтүп,  жерибиздин бүтүндүгү, элдин тынчтыгы үчүн жанын карч уруп иштеп жүргөнүн калыстык үчүн айталы. Азчылык аны көргүсү келбесе да, көпчүлүк көрүп, билип, баалап атат. Ал күнү бүгүн да Баткенде. Кырдаал тынчып, эл жай турмушка кайткыча Баткенде, эл менен бирге болорун билдирди.