Тажикстандын Баткенге куралдуу кол салуусунун натыйжасында аймактан 136 миң 770 адам коопсуз жайларга эвакуацияланып, алардын 3 миң 908и башка аймактарга чыгып кетти. Ал эми 3 миң 427 адам убактылуу жайларга жайгаштырылды.

Албетте, эвакуациялангандардын баары эле кайра үйлөрүнө келбеши ыктымал. Үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлошуп, ата конуштарын биротоло таштап, башка коопсуз жактарга жай которууларын да жокко чыгарууга болбойт. Бирок кыргыз өкмөтү ага жол бербеши кажет. Анткени, кол салган тажиктердин максаты мына ушул болушу мүмкүн. «Агрессиялык жол менен кол салып, үйлөрдү өрттөп, адамдарды өлтүрүп, талап-тоноп, талкалай берсек, үйлөрүн, короо-жайларын ташташып башка жактарга качышат. Ошондо бош калган турак-жайларды ээлеп алабыз, конуштап калабыз» деген пландары болбогонуна эч ким кепилдик бералбайт. Ошондуктан чалгындоо иштерин жүргүзүп, чек араларды катуу кайтаруу менен чек арага чектеш айылдарда коопсуздукту камсыз кылып, элдин үйлөрүнө кайтып, жай турмуштарын улантууларына шарттарды түзүп  берүү зарыл. Ансыз тажиктердин чырактарына май тамызып, алардын максаттарына жетүүлөрүнө жол беребиз.