УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун бийлик органдарынын жетекчилери менен биргеликте ок атууну токтотуу боюнча кыргыз-тажик эки тараптуу иштерди жургүзүүнү улантууда.
Чек ара аймактарында жашаган элдин коопсуздугун сактоо максатында УКМК төрагасы тажик кесиптеши Саймумин Ятимов менен үзгүлтүксүз байланышта болуп турат. Ага байланыштуу Камчыбек Тащиев Тажикстандын аймагына Ятимов менен жолугушуу үчүн барды. Ал сапардын алкагында тынчтык протоколуна кол коюлду.
"Комиссия менен биргеликте биз Тажикстан менен протоколго кол койдук. Протоколдун башкы мааниси - эки өлкө ортосунда тынчтык орнотуу жана кырдаалды турукташтыруу. Кыргыз тараптан мен кол койдум, тажик тараптан Саймумин Ятимов. Акыркы жаңылык ушул. Баткен облусунун аймагында акырындык менен кырдаал турукташууда. Жолугушуудан кийин биз абалды жөнгө салуу жана тынчтыкка карай бир нече кадамдарды жасадык. Абал турукташат деген ишеним бар. Эртең иш кайрадан уланат. Эртең кечинде дагы бир жолугушуу өткөрүшүбүз мүмкүн", - деди Камчыбек Ташиев. (Билдирүү 19-сентябрда түнү жасалды).
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 14-сентябрда оордошкон. Бул күнү тажик аскерлери Кыргызстандын аймагына ок ата башташкан. Андан кийин эки тараптык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атуу токтотулган. Бирок 16-сентябрда таңга маал тажик тарап бардык макулдашууларды бузуу менен бир нече кыргыз аймагына бир убакта ок чыгарып, кол салышкан. Чек ара аймагында жайгашкан кыргыз айылдарынын тургундарын коопсуз жайга чыгарууга аргасыздык жаралган.