Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын баскынчылыгынан курман болгон жоокерлер үчүн ата-энелеринен жана элден кечирим сурады. 

"Ата-энелер балдарын өлкөсү үчүн кызмат кылсын, аскердик милдетин аткарсын деп мамлекетке ишенип тапшырган эле. Алардын ар бири мен үчүн өз уулумдай болуп калды. Алар акыркы мүнөткө чейин мекенин ойлоп курман болушту. Баатырларга ыраазычылык билдирип, таазим кылам. Мен сиздердин уулуңуздарды сактай албадым, ата-энелер алдында жооптуумун", - деди Ташиев. 

Ошондой эле, Камчыбек Ташиев талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө күч-аракеттер жумшалып жатканын белгиледи. Айтымында, 300дөй үй талкаланган жана жабыркаган. Учурда эвакуацияланган тургундар ар башка аймактарда жашап жатышат жана алар керектүү дары-дармек, азык-түлүк менен камсыздалышты. 

"Уюштуруучулук жагынан баары жакшы дебейм, айрым кемчиликтер бар. Баары менин көзөмөлүмдө. Ушундай оор кырдаалда дайыма кемчиликтер сөзсүз болот. Мен элден сабырдуу болууну суранам. Кыйын күндөр көп болду, бир ай, жарым жыл - анан баары тартипке келтирилген. Биз баарына чыдадык", - деди УКМК төрагасы. 

Ал Баткенде акыр-аягына чейин болоорун, мамлекет жарандарына толук кандуу камкордук көрүүгө тийиштигин кошумчалады.