Бүгүн, саат 13:00дө Ала-Бука,Токтогул райондорунан жана Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларына чогулган 54 тоннага жакын гуманитардык жардам Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар жана жекке ишкерлер тарабынан азык -түлүк, күнүмдүк колдонулуучу буюмдар жана тамак -аш чогултулган.

Аталган жардам КР ӨКМнин кызматкерлеринин коштоосунда Баткен шаарына жеткирилет.