Баткен облусундагы Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү тажик аскерлери жардырышты. Анын видеосу жарыяланды.
Аталган көпүрө калк үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттарды жеткирүүнү ишке ашырган маанилүү объект болуп саналат.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 14-сентябрда оордошкон. Бул күнү тажик аскерлери Кыргызстандын аймагына ок ата башташкан. Андан кийин эки тараптык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атуу токтотулган. Бирок 16-сентябрда таңга маал тажик тарап бардык макулдашууларды бузуу менен бир нече кыргыз аймагына бир убакта ок чыгарып, кол салышкан. Чек ара аймагында жайгашкан кыргыз айылдарынын тургундарын коопсуз жайга чыгарууга аргасыздык жаралган.