18-сентябрь, саат 22:00гө карата Ош облусунун Чоң - Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал чыңалган бойдон калууда, бирок турукташууга жүз бурду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жетишилген макулдашуулардын алкагында мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштыруу пунктарына кошумча күчтөр жана каражаттар чыгарылып баштады. 

Эки өлкөнүн укук коргоо кызматтары чек ара аймактарындагы коомдук тартипти көзөмөлгө алууда жана Худжанд - Канибадам/Арка-Борбордук автоунаа жолдорунда биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүшүүдө. 

УКМКнын Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантууда.