Кыргызстанда ушунчалык жүзү каралар, ичинде ит өлүп калгандар, койнуна котур ташын каткандар жетишерлик. Андайлар Тажикстандын агрессиялык согуш аракеттеринен да саясат жасап, ага УКМК төрагасы К.Ташиевди күнөөлөп жатышат. Болбосо, бул кырдаалга бир гана Эмомали Рахмон турган Тажикстан тарап күнөөлүү экенин баарыбыз билебиз. Бирок кырдаалга Ташиевди айыпташып,  анын аракеттерин сынга алып жаткандарга эмне деш керек?

К.Ташиев күндөп, түндөп октор учуп, согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта жүрөт. Анын ар бир кадамы, аракети кырдаалды тынчтандырууга, атышууларды токтотууга, адам өлүмдөрүн болтурбоого багытталууда. Тажиктер менен согушуу кыйын эмес. Бирок ал бизге керекпи? Анда жүздөгөн өлүмдөр болуп, кырдаал оорлошуп кетиши мүмкүн. Душман сырттан кол салып, басып кирсе, ал үчүн мамлекет башындагыларды айыптап, ичтен күнөөлүүлөрдү издегендерге жол болсун!

Азыр Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айланасына бир муштумдай биригип, Рахмондун кол салуусунун мизин кайтара турган убак. Биримдигибизди, ынтымагыбызды көрсөтө турган учур. Ташиевди каралап, жамандаганга жетише бересиңер! Бирок азырынча  ага каршы маалыматтык чабуулуңарды токтото тургула, байболгурлар!