Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев  Баткендеги журналисттер менен жолушугуп, алардын суроолоруна жооп берди. 

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы абалды стабилдүү деп баалады, бирок ошол эле убакта чыңалуу сакталып турганын белгиледи. 

"Бул жаңжал буга чейинки жаңжалдардан айырмаланып турат. Коңшу өлкө менен конфликттин негизги мүнөзүн айта кетейин.

Мамлекеттик чек аранын беш участогуна чабуул жасалган. Анын төртөө - бул аскер объектилери, чек ара өткөрмөлөрү жана заставалар. Бири Самаркандек калктуу конушу - жарандык объект. Ал жерде бир нече жай тургундар жабыркады. Кечээги жаңжалдын өзгөчөлүгү - коңшу өлкөнүн аскерлери жарандык объектке кол салганында болуп жатат. Бул өтө коркунучтуу, эч бир эрежеге ылайык келбейт, биз муну өтө туура эмес кабыл алдык. Эгер мындан ары да ушундай нерселер боло турган болсо, анда биз сөзсүз түрдө адекваттуу чараларды көрөбүз", - деди Ташиев. 

Анын айтымында, чек арадагы жаңжал алдын ала пландалган провокация. Ал белгилегендей, бул боюнча көптөгөн маалыматтар бар. 

"Алдын ала позицияларды ээлешкен. Биз эч убакта коңшуларыбызга карата алдын ала провокацияларга даярданган эмеспиз. А булар даярданып жатат. Дагы бир маанилүү жагдай - бул жерде президенттин өкүлү, күч структуралардын облустук өкүлдөрү күбө болушту - бул жерде кандайдыр бир аскердик эмес, жарандык адамдар биздин постторго чабуул коюшкан. Анын баарын фискация кылдык. Бул биринчи жолу ушундай болуп жатат, демек өтө кооптуу. Ошол эле убакта Чек ара кызматы, күч түзүмдөрү ар кандай кырдаалга даяр. Мамлекетибиздин чек арасын, коопсуздугун толук бойдон коргоп, сактап калууга мүмкүнчүлүгүбүз да, күчүбүз да жетет. Мамлекетибиздин куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы, урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевдин жеке көзөмөлүндө Чек ара кызматыбыз бардык техникалар, ок-дарылар менен камсыз болгон. Алар өз ишине так, даана аткарып жатат", - деди Ташиев. 

Ошондой эле, Ташиев ар кандай маалыматтарды алдын ала алып, жарандардын коопсуздугуна камкордук көрүшөөрүн белгиледи. Бирок эки өлкө тыгыз жайгашкандыктан, тажик тарап кайсы убакта болбосун провокацияга барып жатышат. 

 "Биздин куралдуу күчтөр эч убакта коңшу өлкөнүн жай тургундарына кол салбайт, калктуу конуштарына чабуул жасабайт. Кара кийимчен, сакалдуу жарандар дагы чабуулга катышып жатканын биз тийиштүү тарапка билдирдик, бул боюнча чара көрөбүз", - деди. 

 Эске салсак, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал башталган. КР УКМКнын маалыматына караганда, Булак-Башы аймагына  Тажикстандын чек арачылары киргенин көргөн кыргыз чек арачылары алардан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Бирок коңшу өлкөнүн чек арачылары талапка көнбөй, ок чыгарышкан. Кыргыз чек арачылары дагы жооп иретинде ок чыгарууга аргасыз болушкан.