Учурга карата 794 жаран Кыргызстандын бийлигинен качкын макамын алууну күтүп жатышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинен маалым болду.
Ал эми 2022-жылдын 8 айында качкын макамын алуу өтүнүчү менен 318 чет элдик жаран кайрылган. Ооганстандын 467 жараны качкын макамын күтүп атышса, алардын 247си 2022-жылы кайрылышкан. Мындан сырткары, Белорусия, Казакстан, Палестина, Пакистан жана Сириядан 71 жаран бар. Ушул жылдын 1-сентябрына карата 168 адамга качкын макамы берилсе, алардын 17си Украинанын, 67си Сириянын жарандары.
Кыргызстан эл аралык укуктук макулдашуулардын, келишимдердин катышуучусу болгондон кийин кайрылгандарга качкын макамын берүү маселесин карабай коё албайт. Бирок мында эң ириде өлкөнүн, элдин тышкы, ички коопсуздугу эске алынышы кажет. Аталган макам кимдерге бериле турган болсо, алар атайын кызматтын тыкыр, дыкат текшерүүлөрүнөн өткөрүлүп, андан кийин гана өлкөбүздө баш калкалоого уруксат берилүүсү абзел. Ансыз качкын макамына жамынып алып, ар кандай деструктивдүү күчтөрдүн, кутум максаттуу адамдардын мамлекетибизге кирип кетүүлөрү толук ыктымал.
Булак: “Майдан. kg” гезити