Баткен облусунун Самаркендек аймагындагы ок атышуудан үч жай тургун жабыркап, алардын бири жаш бала экенин Чек ара кызматы кабарлады.   

Маалыматка караганда, жабыркагандардын бири 31 жаштагы И. кызы Б.га атылган ок ич көңдөйүнө кирип кеткен. Абалы өтө оор, тез арада операция жасалышы күтүлүп жатат. Ал эми 21 жаштагы Г. уулу Б. башынан жаракат алган жана абалы орто оор. Алардан кийин, 14-сентябрдын саат 21:00үнө карата Лейлек райондук ооруканасына ок атышуудан жабыркаган дагы бир жаран жеткирилген. Ал - 11 жаштагы С.Н. Ок анын ийинине жана жаагына тийген. Абалы орто оор. 

Чек ара кызматы тажик тараптан ок аткандардын арасында кара кийимчен, сакалчан киши өзгөчө тынчсызданууну жаратканын белгилейт. Тажик тарап гранатомётторду, миномётторду жана ок атуучу куралдарды колдонушкан.