Кыргызстан адамдык өнүгүү индекси боюнча 191 өлкөнүн ичинде 118-орунду ээледи. Бул  БУУнун Өнүктүрүү программасынын 2021-жылга карата адамдык өнүгүү боюнча отчетунда айтылды.

2021-жылга карата бул көрсөткүч 0,692ни түзүп, орточо 0,636 көрсөткүчүнөн жогору болду. Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөр  жана Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги өнөктөштөрү арасында рейтинг төмөнкүдөй болду:  Россия – 52, Казакстан – 56, Армения – 85, Түркмөнстан – 91, Өзбекстан – 101, Тажикстан – 122.

Көрүнүп тургандай, адамдык өнүгүү жаатында абалыбыз мактанарлык эмес. Жада калса Тажикстан менен Түркмөнстандан да артта калганбыз. Бул албетте, мамлекет башындагыларды, тийешелүү мамлекеттик органдарды ойлонтуп, бул маселеде кандайдыр чечимдерди кабыл алуу, чараларды көрүү зарылдыгы бар экенин айгинелейт.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити