Кыргыз-тажик чек арасындагы курал колдонулган окуя боюнча Кыргызстандагы маалымат каражаттардын бири Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматын тараткан, аны менен окуя боюнча туура эмес пикир калыптанган.

УКМК кыргыз журналисттеринин мындай кадамы эки элдин ортосундагы мамилеге жана сүйлөшүүдөрдүн жыйынтыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн эскертет. Аны менен катар Кыргыз Респбликасынын улуттук коопсуздугуна реалдуу коркунуч жаратат.

“Бул маселеде ММКлар да, маалымат таратуучулар дагы абдан кыраакы болушу керек. Ар бир интернет колдонуучу бүгүнкү күндө шектүү булактардан алынган чындыкка туура келбеген маалыматтардын негизинде дүйнөнүн картинасын жарата алат. Мамлекетибиздин тагдыры, биздин аскер кызматкерлеринин, чек ара аймактарындагы жарандардын жашоосу ушундан көз каранды”, - деп билдирет УКМК.

Мындан улам КР УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын мамлекетибизди алсыратууга кызыкдар күчтөргө жардам бербөө үчүн жалган маалыматтарды таркатпоого чакырат.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы тилкесинде КР УКМКнын чек ара отряды кызмат өтөп жаткан учурда Тараптардын мурда түзүлгөн келишимдерин бузуу менен мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында күжүрмөн позицияларды ээлеген Тажикстандын УКМКсынын чек ара отрядын аныкташкан.

 Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган.  Буга жооп катары Кыргызстандын чек арачылары да курал колдонушкан.