Кыргызстанбык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жетишти. 60 кг чейин салмак категориясынын финалында ал Болгариядан келген балбан Армен Назарян менен күч сынашып, жеңип алды. 

Ага чейин Венгрия, Америка жана Казакстандан келген балбандарды артка калтырган. 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан барган Акжол Махмудов дагы алтын медаль тагынган. Айсулуу Тыныбекова менен Амантур Исмаилов коло медалга ээ болушту.