Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду. Финалда кыргызстандык балбан венгриялык Золтан Леваи менен беттешти. Күрөш башталары менен АКжол Махмудов атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Жеңиштен кийин маек берген балбан бул күн анын өмүрүндөгү унутулгус күндөрдүн бири болуп калганын белгилеген.
"Сезимдер эң сонун. Чынын айтсам, бул мени үчүн чоң сыймык. Кыргызстан үчүн тарых жасадык. Мен муну жалгыз жараткан жокмун, агайларым, ата-энем, бир туугандарым, жакындарым, жалпы кыргыз элимдин колдоосу, ишеними күч-кубат болуп берди. Бул сыймык өмүр бою мени менен калат. Тренерим, ата-энем, жакындарым, элим жанымда болуп, дагы да колдоп турса, өзүмө болгон ишеничим дагы бекемделет", - деген Махмудов.