Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров жакында маалымат каражаттарынын бирине маек берип, 2010-жылдагы кыргыз-өзбек кагылышын өзү токтотконун билдирген. Буга жооп иретинде Июнь окуясынын күбөсү, Сузак районунун тургуну Мелис Жаанбаев буларга токтолду:
- Азимбек Бекназаров үчүн Аксы окуясы орун алып, алты жаран көз жумган. Ошол окуянын чындыгына башкы прокурор болуп турганда да жеткен жок. Өз элин ким атканын териштирбей койгон. Эми 2010-жылдагы Июнь окуясын айтып жатат. Коогалаң жөн жерден чыккан жок, буга карапайым эл, биздин көзүбүз жеткенине көп болду. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Бакиевди Кадыржан Батыров менен биргеликте жеңүү үчүн ушуну уюштурушкан. "Кыргыз, өзбек бечара эл үч күн кырылышып турсун, биз Бакиевдин мүлктөрүн бөлүштүрүп алалы" деген арам ойлору экени ачык эле билинип калбадыбы. Кадыржан Батыров да тартышып, автономия убада кылышып, анан кайра аны качырышып, өздөрүн актоого аракеттеништи.
Эми болсо Бекназаров "Ташиевге Баатыр наамы туура эмес берилди", - деп жатат. Камчыбек Кыдыршаевич болбогондо, Санпага кирип барып, аксакалдар менен сүйлөшүү жүргүзбөгөндө, трагедия дагы калыңдамак. Мен өзүм көргөм, Санпага Ташиев жалгыз барган, корккон эмес. Эки элди ошол жерден токтоткон, ынтымакка келтирген. Камчыбек Ташиев менен кошо Садыр Жапаров жүрдү, Келдибековду анча-мынча көрүп калдым. Башкаларын көрбөдүм. Байболов болсо 11-июнда келип, түз Арсланбапка өтүп, ал жакта 3 күн жатып алган, бир да аскерди киргизбей.
Убатылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн кандуу окуядагы күнөөсү бирдей. Баарын тең элине чыккынчылык кылган адам катары соттош керек. Бирөөн бөлүп калуунун кереги жок. Мародерчулукту макул, кеткен президенттин мүлкүн таламай бизге көнүмүш адатка айланды. Бирок эки элди кагыштырып, согуштуруп, кыргынга учураткандар жазасыз калбашы керек. Элдин күткөнү ушул. 2010-жылдагы окуя унутулбайт. Эл күтүп жүрөт, бир күнү чыдамы бүтөт. А булар болсо эки элдин канына забын болуп алып, эми билмексен болуп отурушат. Бекназарову болсо "мен токтотком" деп чыгып алды. Окуяны ким токтотконун өзбек эли да жакшы билет. Иштен алып койсо эле кыйкырып чыгуунун кандай кажети бар. Мындай адамдар адатын калтырбайт. Өздөрүн көрсөтүш үчүн пиар кыла беришет. А булардын кимдигин биз жакшы билебиз. Атамбаевге эмнеден Баатыр болуп чыга келди. Тополоңду баштаганы үчүнбү? Камчыбек Ташиевге эки элди өлүмдөн сактап калганы үчүн берилип жатат. Бекназаровду сөзсүз камашы керек. Кой, аксакал экен деп элчиликке жөнөтүп, жумшактын кылуунун кереги жок болчу. Буларга жумшактык кылган сайын ойлору башкага кетип жатпайбы. Өздөрүн актап, бийликти жамандап, дагы бир нерсени баштайлы деген ниеттери бар.
Карапайым элде айып жок, алар саясаттын курмандыгы болуп калышты. Бизде 2010-жылдагы окуянын келип чыгышын иликтеп, айыптууларды жоопкерчиликке тартып берсин деген талап бар. Садыр Жапаровдон, Камчыбек Ташиевден суранам, өздөрү деле окуяга аралашып жүрүштү, кимдин ким экенин жакшы билишет. Аяп эмне кылышат, аяп коюшса булар ансайын күчөшөт. Элдин оюн буруп жиберишет, эски интригандар да. Буларды тазалап салыш керек, ошондо Кыргызстанга тынчтык орнойт. Булардын ич күптүсү эмне экени билинип эле турат - Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге бийлик тийип калды деп күдүң-күдүң сөз кылышып, тартып алуунун аракетинде. Элин кырып ийгендер Кыргызстанды оңочу беле, булар элге жакшылык кылбайт. Мен сот болгонумда 14үнө тең тергөөсүз эле өкүм чыгарып салмакмын!