"Санпа шейиттери" коомунун төрагасы, Июнь окуясынын күбөсү Сырдаш Мамарасулов президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Ош коогалаңынын жаралышына себепкер болгон мурдагы аткаминерлерди жоопко тартууну талап кылды. 

"Ош окуясын токтотууга Азимбек Бекназаровдун эч кандай салымы жок. Тескерисинче, ошол кандуу окуяны уюштурган. Баласы Базар-Коргондо элди дүрбөтүп жүргөн. Ушул убакка чейин күнөөлүүлөр жоопко тартылбаганына нааразыбыз. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгенде кубанган элек, эми чындык ачыкка чыгат, эми айыптуулар мыйзам чегинде жоопко тартылат деп үмүт кылганбыз. Бирок жоопко тартуунун ордуна, талтаңдатып Малайзияга элчи кылып жиберишти. Бекназаров чыныгы чыккынчы, эл душманы! Камагыла деп талап кылабыз! Урушту баштаган, уюштурган ушул киши, Исаков жана Отунбаева", - деди Мамарасулов.