Башкы прокурор Курманкул Зулушев коомчулукка кайрылуу жасап, кызмат адамдарынын атын сатып мыйзамсыз ищтерге баргандар тууралуу кабар берүүгө чакырды.
"Бүгүнкү күндө бюджетке кол салган, мыйзамды бузган адамды эч ким коргоп кала албайт. Муну көрүп жатасыздар. Бул президенттин талабы. Жөнөкөй жаранбы, айыл өкмөт башчысыбы, акимби, министрби - эч ким эч кимди коргобойт. Бүгүн биздин өлкөдө "крыша" деген түшүнүк жок. "Бул чиновниктин тууганымын" деп башкалардын же менин атымды саткандар болсо, кабар бериңиздер. Ошол замат "алдамчылык" беренеси боюнча иш козгойбуз. Анткени, мыйзам баарына бирдей. Ушул принципти баарыбыз карманышыбыз керек", - деди Курманкул Зулушев.