Кечээ экс-элчи Азимбек Бекназаров пресс конфренция берип, 2010-жылы түштүктөгү эки элдин жаңжалында жүргөндөр Эл баатыры наамын алганга моралдык укугу жок деп айтты. Бул тууралуу ошол окуянын чордонунда жүргөн КР эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын пикирин сурадык.
– 2010-жылдагы Түштүктө болгон кандуу окуя тууралуу айтпай койсом болбойт. Ошол кезде күнү-түнү шаарды аралап, болгон окуяны көрүп, ал жердеги кайгылуу, өтө өкүнүчтүү, канчалаган оор окуяларга күбө болгон адам катары айтып коеюн. Мындай учурларда элдин-журттун ортосуна түшүп, ар кандай чагымчылдарды, ар кандай кызуу кандуулукка алынып, туура эмес жолго баруучулардын баарына акыл-насаатын айтып, туура жол көрсөтүп, канчалаган кан төгүүлөргө бөгөт койгон баатырларга “Эл баатыры” деген наамды берүү туура деп ойлойм.
Мен ошол күндөрү губернаторду да, мэрди да көргөн жокмун. Себеби ошол кезде шаарды кайтарып турган балдарга суу, тамак ташып, “башыбыз өрттөнүп жатат, ысып жатат” дегенде тааныш-билиштерден калпак, ак материал чогултуп алып келип, жыртып, балдарга таркаткан оор учурда эч ким болгон эмес бийликтен. Убактылуу Өкмөттүн эч кимисин көргөн жокпуз. Мына ошондо биринчи күнкү кандуу окуядан кийин баарынын бүйүрү кызып, бүт райондун эли Ошко келип, өзбек туугандардын азабын, адебин беребиз дешкен эле. Чындап элде күнөө жок болчу, болгон окуяны көрүп кызуу кандуулукка алдырышкан. Ал кезде Алайдан, Өзгөндөн, Советтен келген жаштарды токтотуп, акыл-насаат айткан, алардын жаман жолго барышына бөгөт койгон, “Биз эч качан кызуу кандуулукка алдырбашыбыз керек, өзбектер да биздин тууганыбыз, кыргыздар силер да биздин карачечекей балдарыбызсыңар, биз Ош шаарынын канга боелуп жатып калышын каалабайбыз деген жакшы сөздөрүн айтып, балдарды оң жолго салган үч гана азамат болгон.
Ушундай кандуу окуяда жүргөндөргө баатырдык азыр берилбегенде качан беришили керек? Баатырдык мына ушундай мезгилде, кыргыздын башына кайгы түшкөндө, элдин башына мүшкүл иш түшүп турганда акыл сөзүн айтып турган эр- азаматтардын баардыгы баатыр болсо керек деп ойлойм. Ошол кезде шаарды кайтарып турган 150дөй балага суу жеткиргем. Аларга тамак-аш, суу жеткирген киши болгон эмес. Суусап турабыз дешкен. Ошондо бийликтин башында тургандар шаарды аралап, элди тынчтандырышы керек болчу. Алар качып кетип, бизге окшогон беш-алты эле адам жүрдүк ошол жерде. Бир гана обладминистрациядан Кушбак Тезекбаев деген жигит жүрдү. Ошол азаматтын көзү өтүп кетти…
Кандуу окуяда эр-жүрөк эле кыздар-балдар жүрүштү. Ошол кезде бийлик башындагылары кайда жүргөн? Жаш балдар бизге курал бергиле, Сулайман тоодо бизди өткөрбөй атып жатат дегенинен мен 20 баланы ээрчитип алып Ош мэриясына барсам, кароолчудан башка бир да адам жок экен. Окуя түнкү саат 12де башталса, эртең менен мэрияда эч ким жок. Эртеден кечке биз ошол мэрияны аңдыдык. Бир да жетекчи келген жок. Ал жерде милициялар гана турушту. Арыраак жакта патриоттук духу, руху бар кыргыз жигиттери турушту. Ошол кезде сыртка чыгалбай жаткан студенттерге өзүмдүн машинам менен өзбектер тосуп алган жерге барып, квартирада жашаган 11 студентти алып чыгып кеттим, өзбектер менен сүйлөшүп. Биз өзүбүздүн демилгебиз менен эле бир нече адамга жардам көрсөткөнбүз. Далай адамдарга тамак-аш, дары-дармек жеткиргенбиз, коркунучка карабай. Ошондуктан жалган сөздөрдү сүйлөбөш керек.
Азимбек Бекназаровго айтып коеюн, ал кишини биз ошол окуяда көргөн жокпуз! Ошол окуянын эртеси күнү Жылдыз Жолдошева, Азиза Абдурасулова келди жана эл аралык уюмдардан келгендерди көрдүм. Башка эч кимисин көргөн жокпуз. Ошол кезде жүздөгөн адамдар ыйлап балдарын, кыздарын издеп жүрүштү. Ал эми бийликте отургандардан эч ким келген жок. Күч органдарынан болушту, милициядан болушту анча-мынча мынча. Убактылуу өкмөттүн бир да мүчөсүн көрө алган жокпуз. Андан кийин гана Исмаил Исаков келди.
Ошол кезде ЭлТР телеканалы чакырып, элге кайрылуу жасайлы десе же губернатор, же мэр телефонун албаптыр.
Окуя өтө оор болгон. Ар ким эле өзүнүн оюна келгенди токуп чыгара бербеш керек. Ошондуктан баатырдык деген наам берилиши керек. Ким жакшы иш кылса, туура жолго баратса, кыргызга күйсө Эл баатыры наамын алышы керек.
Мисалы, Ош окуясында кан кечип, от кечип жүргөн Камчыбек Ташиевдин азыркы жасап жаткан иштерине да баатырдык деген наам берсе болот.
Отуз жылдан бери канчалаган президенттер келип кетти, бизди аңга түртүп жыгылаарыбызга аз калганда эми кайра ордубуздан туруп келе жатабыз. Азыр күч түзүмдөрүн күчтөндүрүп, реформа жүргүзүп, курал-жарак менен камсыздагандардын башында бүгүнкү күндө Камчыбек Ташиев турат. Ал канчалаган жакшы демилгелерди көтөрүп жатат. Буга чейин чек ара маселесинде бир да президент жакын барып сүйлөшө албайт эле, азыр Ташиев барып ушул маселелерди чечип жатат. Ташиев ооруп, операция болсо дагы чуркап, чек ара маселесин чечип жүргөнүн көрүп жатабыз. Ушундай иштерди жасагандан кийин баатырдыкты алганы татыктуу болду.
Булак: "Абал. kg"