Саясат таануучу Төрөбай Колубаев Кыргызстандын Малайзиядыга мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун кечээ, 8-сентябрда берген маалымат жыйынындагы билдирүүсүн комментарийледи.

- Башка бирөө сүйлөсө дагы Азимбек Бекназаров ушуну айтпай койсо болот эле. Кечээ жакында эле Атамбаевди ашатып, каралап жүргөн, кызматка  жетип алгандан кийин бийликти жактады. Кызматынан алса бир негиз менен алынат да. Тийиштүү тараптар анын дипломат катары өз милдетине кылган иш аракеттери шайкеш келбегени үчүн алынганын билдиришти. Эми минтип кызматынан ажыраары менен “Атамбаев баатыр”, “саясий сойкулар”, “бийлик иштей албай жатат” ж.б. билдирүүлөрүн чыгара баштады. Ушунун баарын айтаардан мурда өзүнүн артын бир карап койсо...

Убагында килейген башкы прокурор болуп туруп көрүнгөндү сүйлөгөн. “Чет өлкөлүк снайперлерди кармадык”, “кыйраттык, ойроттук” деген ушул эмес беле. Буга азыр саясий баа бериле элек.

Бул кишинин элдин алдында өтө чоң күнөөсү бар. Чын чынына келгенде, Аксы окуясында алты киши ушул үчүн набыт болбоду беле. Убактылуу өкмөттүн тоодой күнөөсү бар, анын ичинде Азимбек Бекназаров эң чоң ролду ойногон. Анан эми бетпактык кылып айтып жатканы элди урматтабаганы, “элди каалашымча чайкайм” дегени. Саясий сойкулар деп айтаардан мурда өзүн ойлошу керек эле. Накта сойку өзү болуп жатпайбы - Атамбаевди кечээ шыбап, бүгүн баатыр деп. Сооронбай Жээнбеков эмне себептен Атамбаевге баатыр наамын бергени белгилүү эмеспи, бул алардын ич ара келишими болгон. Атамбаевдин ашмалтайы чыгып, эмне иш кылып, эмнелерди жасаганын азыр алтыдагы баладан тартып аксакал-кемпирлерге чейин билишет. Анан эмненин негизинде баатыр болуп жатат? Бекназаров ал кишини ошончолук сыйлайт экен, сынбаган улуу адам экенин түшүнөт экен, түрмөдө канча убакыттан бери жатат, бир жолу тамак киргизип койдубу? Же элчи болуп турган кезинде эстедиби? Менимче, тилекке каршы бизде азыр жазында, күзүндө ызы-чуу болот деген божомолдоо адат болуп калбадыбы, Бекназаров Атамбаев тарапка таянып, маалымат алып, башын буруп кайнап жаткан кербези го.

Ал эми бийликтин дарегине айткан сыны жүйөсүх. Бийлик колунан келишинче жасап жатат. Убактылуу өкмөт жана башкалар 30 жылда талкалаганды аз убакытта оңдош кыйын. Өздөрү келип эмнени кыйратышты эле? Эч нерсе жасашкан жок. Атамбаевди алдыга салып, артында отуруп алып ичип, жешти, Кыргызстанды талкалашты, анан Атамбаевди жамандап туруп басып кетишти. Бул киши өзүнүн пейилине жараша кызматтан түшүп, эми бакылдап жатат.

Баарын ордуна келтирүүгө убакыт керек. Кыргызстан 30 жылда Сталинграддай эле талкаланган. Тышкы карызыбыз тоодой болуп, элибиз ар кайсы өлкөдө иштеп, тентип кетти. Аны билип туруп Бекназаров бүгүнкү бийликке жардам берүүнүн ордуна кайра жамандап, эл алдында саясий упай топтоонун камында. Бирок эл буга ишенбейт, саясий сойку, түлкү экенин абдан жакшы билишет. Ал турмак жердештери да билип калышты. Аксакал куракка жеткенден кийин куйтуланбай, акыл-насаатын айтып отурса жакшы болот эле.