- Азимбек Бекназаров элчилик кызматтан саясий мотив менен алынганын айтып чыкты. Буга ишенсек болобу?
- “Чалгы чаба албаган чалгы тандайт”- деген сөз бар го. Азимбек Бекназаров дал ошондой болуп жатат. Мамлекет ишенип тапшырган милдетти аткара алган жок. Жаман аялдардай болуп келип алып, “Дордойдон килем алып кеткем”,- деп жатат. Ошол жактагы абалды мамлекет билбейби, билет, ошондуктан аны барып оңдосун, баарын жөнгө салсын деп жөнөттү да. Бул болсо келип алып килемди айтып отурат.
- Атамбаевди мактап өттү. Бириккени жатышы мүмкүнбү?
- Бир нече жыл мурун Бекназаров “Атамбаевди акылынан айныган алкаш”- деп маек берип, жерден алып көргө, көрдөн алып жерге салып жүргөн. Анан эле кызматтан алынары менен Атамбаев тарапка өтө качып, аны “Баатыр” дештин өзү эки жүздүүлүктүн жеткен чеги. Кызмат үчүн мындай жолго барыштын өзү акмакчылык. Андан көрө аксакалдык кадырын сактап калса болмок.