Татаал да кыйчалыш оор да мезгилде жашап жатабыз. Бүгүнкү жашоонун кырдаал шартында ар бир адамдын баскан - турганы, сүйлөгөнү, жазганы боюнча коом алдындагы жоопкерчилиги болуп көрбөгөндөй өскөнүн баарыбыз эле түшүнө бербейбиз. Ушуга терең маани берип кабыл алууга акыл-эс парасатыбыз толук жетпей жатат. Илимий техниканын өсүшү, коомдогу маалымат алмашуунун болуп көрбөгөндөй ылдымдыгы аз жылдардын ичинде коомдук психологияга эбегейсиз чоң таасир берген революция жасады.

Болгону 25-30 жыл мурда коомчулук маалыматты ММК деп аталган теле берүүлөр же гезиттер аркылуу гана алышчу. Бул тармак кантсе да коомдо көп жылдар иштегендиктен системага түшүп, тиешелүү мыйзамдары кабыл алынып, коом алдындагы жоопкерчиликти толук сезип калган тармак эле.

Бүгүн кандай абалдабыз? Америкасындабы, Япониясындабы күтүүсүз болгон жаңылыкты ошол замат ар бирибиз ала алабыз. Ошону менен бирге эле ар бирибиз каалаган маалыматыбызды коомчулукка тарата алабыз. Мындан 25-30 жыл мурда коомчулукка таратылган маалыматты ар тараптан салмактап, анын коомго тийгизген таасирине, мыйзамдуулугуна маани берүү менен таратуучуну жоопкерчиликке чакырууга же маалыматты тараттырбай токтотуп калууга мүмкүн болсо бүгүнкү тараган маалыматтарды тартиптештирүү, тарагандарын иликтеп кандайдыр бир жоопкерчиликке чакыруу татаал процесске айланды. Сабаттуусу да, сабатсызы да, билимдүүсү да билимсизи да каалаган маалыматын коомчулукка таратууда. Ошентип, коомчулук орой айтканда, эмне деген кана “боткону” жешпөөдө.

Эмне кылуу керек? Бир гана жолу бар. Интеллегенция өкүлдөрү, билимдүү адистер ээрикпей коомчулукка байма-бай чыгып туруулары, коомго туура багыт берүүгө аракеттенүүлөрү, терс маалыматтарды сындап туруулары керек. Тилекке каршы андай болбой жатат. Бул да болсо өткөөл мезгилдин бир “оорусу” болсо керек. Жогорку муундун өкүлдөрү, дасыккан билимдүү катмардын көбү интернет, цифровой технология, интернет маалымат булактары дегенди толук кабылдашпайт. Мисалга 65-70 жаштан жогоркулардын бери болгондо 60-70 проценти интернеттик маалымат булактары менен иштери жок. Ал түгүл чөнтөк телефондон СМС жазышканды билбегендери да бар. Ошол эле маалда “бешиктен бели чыга элек”, али турмушта кагылып-согулуп, маалыматтын жакшы -жаманын түшүнө электер бары менен кабардар болушуп,интернеттин тишин чагып, бардык тармактары менен байланышып, анан калса ортого өз ойлорун жазышып “биларман” болуп алышкан. Мисалга 2-3 класстын окуучуларынын арасынан чөнтөк телефондон интернеттин кайсыл түрүнө болбосун кирип ойной албаганды таппайсың. Минтип жашы жете электердин да интернет оорусуна кабылышы “коомдук психоз оорунун” күчөшүнө ого бетер түрткү болууда.

Коомду алдыга, өсүп өнүгүүгө сүйрөөчү күч бул билимдүү интеллектуалдар. Коомдогу жогорку интеллектуал катмар чабал болсо, билимдүүлөр пассивдүү позицияны ээлеп алышса ал коомдо өсүш болбойт. Биздин коомдун жабыркап жатканынын башкы себеби да ушул жагында болууда. Убакыт өтүп муундар алмашмайын абалдын өзгөрүшү кыйын окшойт. Интеллегенция өкүлдөрүн интернет маалыматтарына көңүл бөлүүгө, соцсеттерге байма бай чыгууга, коомго ой пикир айтып турууга чакырган канчалаган макалаларды жаздым. Майнабы аз. “Өрдөк жокто чулдук бий” уланууда.

Жакшы маалыматка караганда жаман маалымат тез кабыл алынып, тез таркаары мындан 100 жылдар мурда эле аныкталган. Маалыматты таркатуунун тездеши ошентип жаман маалыматтын сайран курушуна шарт түзүүдө. Бул Кыргызстанда эле эмес дүйнөлүк коомчулук айдыңында бүгүнкү чоң проблема болууда. Дүйнөдөгү окумуштуулар жыл өткөн сайын адамдардагы адатка айланган психикалык оорулардын көбөйүп баратышына катуу тынчсызданышууда. Ошол эле маалда өнүккөн өлкөлөрдө да коомдук аң сезимдин тартибин жөнгө салуу процессинин жолун табыша элек. Муну дүйнөлөшүү кризиси деп койсок да болот.

Жалаң жаман маалыматтарды таратууну көнүмүшкө айландыруу, жаман маалыматтарга кумарланып берилип кетүү көнүмүш “ооруга” айланып ар бир адамдын психологиясына кыйраткыч таасир берүү менен ал адамдын жүргөн турганын, башкаларга жасаган мамилесин,ал түгүл дене түзүлүш, өң-түз, кейип-кешпиринен бери өзгөртүп, белгилүү убакыт өткөндө коомго жагымсыз кейипкерди жаратаарын көбүбүз биле бербесек керек. Бул психолог окумуштуулар тарабынан 100 жыл мурда эле аныкталган. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдө мисалга Японияда “Япон кичипейилдиги” деген дайыма жылмайып жүрүү, эртеңмен көз ачкандан баштап өзүңө жагымдуу маалымат алуу менен иш баштап коомго, мамилелештериңе да жагымдуу маалымат берүүнү салтка айландыруу үзгүлтүксүз уланып келатса, Америкада “Американская улыбка”- деген тааныганыңа да, тааныбаганыңа да жылмая күлүп кароо пайда болгон.

Кыргыз коомчулугу дүйнөлөшүүнүн агымына жаңы кошулгандардан болгондуктан ушундай психологиялык оорулардан жеке өзүбүздү коргой билүүдө көп жагынан аксоодобуз. Арабызда коомдон кандай маалымат алса да кандай маалыматты бөлүшүп таратса да чыныгы таасирди биринчи кезекте өзү аларын биле бербегендер көп. Андан кийин барып балдарың, жакындарың.ю анан барып коом алат.

Мисалга өзүңдөгү өксүктү, жашоого болгон нааразычылыкты, жеке керт башыңдагы жетишпегендиктен келип чыккан ызаны "Бардыгыңар эле мендейсиңер да"-дегенсип жалаң жаман маалыматтар менен коомго “жугунду” катары куйганыңда, алгач бугуң чыгып, эс алып калгандай абалда болгонуң менен арадан убакыт өткөндө баягы өзүң куйган жугунду кайра өзүңө 2-3 эселеп төбөңдөн ылдый куюлаарына маани бериш кыйын. Бул “оору” саз сыяктуу соруп баратканын, рак оорусунча бардык жагыңдан жеп баратканын билбей да калышың мүмкүн.

"Коом менмин. Коом менден башталат"- деген түшүнүк дүйнөдө ар бир адамдын ички сезиминде жашашы керектиги аксиомага айланган коомдо жашап жатабыз. Бүгүнкү кыйсыпыр түшкөн татаал коомдук жашоодо өзүбүздү ойлобосок да келечек муундарыбызды, жакындарыбызды ойлоо, сыйлоо менен алардын тагдырына кайдигер карабай ар бирибиз коомдогу жоопкерчилигибизди түшүнгөнгө аракеттенсек жеке жашообузда да коомдо да туура жол тапмакпыз.

Макала психологиялык негизде ар бир адамдын жеке керт башы жөнүндө ойлонууга чакыруу максатында жазылгандыктан саясаттагы, мамлекетик бийликтеги өксүктөргө кайрылып “көнгөн адатка” түшүп кетпей жеке керт башың менен коомго кандай мамлие жасоодосуң, анын таасири жеке өзүңө кандай болууда, ушул багытта ой айтсаңар туура болоорун астына ала айта өтмөкмүн.

Чолпонбек Абыкеев, КР Президентинин кеңешчиси