Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров 8-августта Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, анда ар кайсы маселелер тууралуу пикирин айткан. Басым - анын элчилик кызматтан бошотулушуна жасалган. КР ТИМ Бекназаров кызматтык милдетин татыктуу аткара албагандыгы үчүн бошотулганын жарыялаганы менен экс-элчи буга макул эмес. Ал өзүнө саясий куугунтук болуп жаткандай түр көрсөттү.
Ошону менен катар чек ара маселеси дагы деле чечилбей жатканын белгилеп, бул келечекте дагы кандуу окуяларга себепчи болуп калышы мүмкүндүгүнөн кооптонгон. Жогорку Кеңешке кайрылып, депутаттар кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүнү жеке көзөмөлүнө алышы керектигин билдирген.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасы аркылуу Азимбек Бекназаровго жооп берди. Анда, төраганын орун басары 20 жыл мурдагы окуяны эске салган.
"Бекназаровдун өзүнө эскертүү: 20 жыл мурда сиз үчүн Аксыда кан төгүлгөн, бирок ал убакта эл баео жана өтө ишенчээк болгон. Убакыт кимдин ким экенин көрсөттү! Бүгүнкү күндө өзгөчө чек ара маселесин курчутуу жана туруксуздук орнотууга жасалган аракеттер ийгиликсиз болуп жатат!" - деген Эдил Байсалов.